Мухтасар тафсир
وَلَقَدْ جِئْتُمُونَا فُرَٰدَىٰ كَمَا خَلَقْنَـٰكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَتَرَكْتُم مَّا خَوَّلْنَـٰكُمْ وَرَآءَ ظُهُورِكُمْ ۖ وَمَا نَرَىٰ مَعَكُمْ شُفَعَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ زَعَمْتُمْ أَنَّهُمْ فِيكُمْ شُرَكَـٰٓؤُا۟ ۚ لَقَد تَّقَطَّعَ بَيْنَكُمْ وَضَلَّ عَنكُم مَّا كُنتُمْ تَزْعُمُونَ ﴿٩٤﴾
Кайра тирилүү күнү аларга минтип айтылат: "Биз силерди алгач жаратканда жылаңач, жылаң аяк жараткандай, Биздин алдыбызга бүгүн байлыгыңар да, бийлигиңер да жок жалгыз келдиңер го! Биз берген байлык, бийлигиңерди тиги дүйнөгө таштадыңар. Ибадат кылганда Аллахка шерик болот, бизге ортомчулук кылат деп ойлогон "кудайларыңарды" да жаныңарда көрбөдүк. Силердин алар менен байланышыңар үзүлдү. Булар Аллахтын шериктери, бизге колдоо көрсөтөт деген оюңар жокко чыкты".