Мухтасар тафсир
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ قَالَ أُوحِىَ إِلَىَّ وَلَمْ يُوحَ إِلَيْهِ شَىْءٌ وَمَن قَالَ سَأُنزِلُ مِثْلَ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ ۗ وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلظَّـٰلِمُونَ فِى غَمَرَٰتِ ٱلْمَوْتِ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ بَاسِطُوٓا۟ أَيْدِيهِمْ أَخْرِجُوٓا۟ أَنفُسَكُمُ ۖ ٱلْيَوْمَ تُجْزَوْنَ عَذَابَ ٱلْهُونِ بِمَا كُنتُمْ تَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ غَيْرَ ٱلْحَقِّ وَكُنتُمْ عَنْ ءَايَـٰتِهِۦ تَسْتَكْبِرُونَ ﴿٩٣﴾
Өз оюнан ойлоп таап Аллахка жалган айткан адамдан өткөн залым болобу!? Ал: "Аллах Таала адам баласына эч кандай аян-кабар түшүргөн эмес" - деп айтат. Же Аллах ага эч нерсе түшүрбөсө деле, өзүнө аян-кабар түшүрдү деп айтат. Же болбосо: "Мен дагы Аллах Куранда түшүргөн дин сыяктуу динди түшүрөмүн" - дейт. Эй, элчи, ал залымдар өлүмдүн даамын татышканын, периштелер аларга колун созуп, азаптап, уруп жатышканын көргөнүндө... Периштелер аларга каардуу мамиле жасап: "Жаныңарды чыгаргыла, биз аны алып кетебиз. Пайгамбарлык, аян-кабар жана Аллах түшүргөн сыяктуу динди түшүрүү тууралуу Аллахка жалган айтканыңар себептүү ошондой эле Аллахтын аяттарына ыйман келтирүүдөн текеберленгениңер үчүн бүгүн катуу, кор кылуучу азап менен кыйналасыңар" - дешет. Эгер ошол учурду көргөңүңдө өтө коркунучтуу абалды көрөт элең.