Мухтасар тафсир
قُلْ تَعَالَوْا۟ أَتْلُ مَا حَرَّمَ رَبُّكُمْ عَلَيْكُمْ ۖ أَلَّا تُشْرِكُوا۟ بِهِۦ شَيْـًٔا ۖ وَبِٱلْوَٰلِدَيْنِ إِحْسَـٰنًا ۖ وَلَا تَقْتُلُوٓا۟ أَوْلَـٰدَكُم مِّنْ إِمْلَـٰقٍ ۖ نَّحْنُ نَرْزُقُكُمْ وَإِيَّاهُمْ ۖ وَلَا تَقْرَبُوا۟ ٱلْفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ ۖ وَلَا تَقْتُلُوا۟ ٱلنَّفْسَ ٱلَّتِى حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلْحَقِّ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ ﴿١٥١﴾
Оо, элчи, адамдарга минтип айт: "келгиле, мен силерге Аллах арам кылган нерселерди окуп берейин. Аллах силерге жараткан нерселерин Ага шерик кылууну, ата-энеңерден ак болууну арам кылды, ата-энеге жакшы мамиле кылуу важыб болду. Дагы силерге,жахилияттагы адамдарга окшоп, жакырлык себебинен балдарыңарды өлтүрүүнү арам кылды, силерге да, балдарыңарга да ырыскыны Биз беребиз. Дагы силерге бузук иштердин ачыгына да, жашыруунуна да жакындоону арам кылды. Дагы силерге Аллах акысыз өлтүрүүгө тыюу салган б.а.үйлөнгөндөн кийин зина кылган, исламга киргенден кийин кайра динден кайткан адамдардан башка адамдарды өлтүрүүнү арам кылды. Мына ушул айтылгандарды Аллахтын буйрук жана тыюуларына акыл жүгүртүүңөр үчун силерге насаат кылды.