Мухтасар тафсир
قُلْ هَلُمَّ شُهَدَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ يَشْهَدُونَ أَنَّ ٱللَّهَ حَرَّمَ هَـٰذَا ۖ فَإِن شَهِدُوا۟ فَلَا تَشْهَدْ مَعَهُمْ ۚ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَآءَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ وَهُم بِرَبِّهِمْ يَعْدِلُونَ ﴿١٥٠﴾
Оо, элчи, Аллах адал кылган нерсени арамга чыгарып, анан муну Аллах өзү арамга чыгарды деп жалган айткан бутпарастарга: "Силер арам деп жаткан нерселерди Аллах арамга чыгарганына күбө болгон күбөңөрдү алып келгилечи" деп айт. Эй, элчи, эгер алар илимсиздик кылып, Аллах арам кылды деп күбө өтүшсө, сен алардын күбөлүгүнө ишенбе. Анткени ал жалган күбөлүк, каалоолору менен өкүм кылгандардын каалоосуна ээрчип кетпе. Алар Аллах адал кылганды арам дешкенде биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты. Акыретке ишенбегендерди ээрчибе, алар Раббисине шерик кошуп, Ага башканы теңешет. Раббисине ушундай мамиле кылгандардын жолуна кантип ээрчилсин?!