Мухтасар тафсир
إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَن يُشْرَكَ بِهِۦ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُ ۚ وَمَن يُشْرِكْ بِٱللَّهِ فَقَدِ ٱفْتَرَىٰٓ إِثْمًا عَظِيمًا ﴿٤٨﴾
Өзү жараткан нерселердин бирин Ага шерик кылып алууну Аллах Таала чынында кечирбейт. Ширк жана каапырлыктан башка күнөөлөрүн каалаган адамынан Өзүнүн артыкчылыгы менен кечирип жиберет. Же Өзүнүнү адилдиги менен каалаган пендесин күнөөсүнө жараша жазалап, азаптайт. Аллахка башка нерсени шерик кылган адам өтө чоң күнөөнү жаратыптыр, ошол боюнча өтүп кетсе, анысы кечирилбейт