Мухтасар тафсир
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ ءَامِنُوا۟ بِمَا نَزَّلْنَا مُصَدِّقًا لِّمَا مَعَكُم مِّن قَبْلِ أَن نَّطْمِسَ وُجُوهًا فَنَرُدَّهَا عَلَىٰٓ أَدْبَارِهَآ أَوْ نَلْعَنَهُمْ كَمَا لَعَنَّآ أَصْحَـٰبَ ٱلسَّبْتِ ۚ وَكَانَ أَمْرُ ٱللَّهِ مَفْعُولًا ﴿٤٧﴾
Оо, китеп берилген яхудилер жана христиандар, силердеги Тоорот жана Инжилде айтылгандарды тастыктаган, Биз Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түшүргөн Куранга ишенгиле. Болбосо, жүзүңөрдү артыңарга каратып коёбуз же, ишемби күнү балук уулоого тыюу салынганда ага баш ийбеген "ишемби күн ээлерин" каргап, ырайымынан алыстатып, маймылга айландыргандай, силерди да каргайбыз. Аллахтын иши жана тагдыры сөзсүз болот.