×

آل عمران

Аят 186

Мухтасар тафсир

لَتُبْلَوُنَّ فِىٓ أَمْوَٰلِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ وَلَتَسْمَعُنَّ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ مِن قَبْلِكُمْ وَمِنَ ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوٓا۟ أَذًى كَثِيرًا ۚ وَإِن تَصْبِرُوا۟ وَتَتَّقُوا۟ فَإِنَّ ذَٰلِكَ مِنْ عَزْمِ ٱلْأُمُورِ ﴿١٨٦﴾

Оо, ыймандуулар, милдеттүү зекет, садага берүү же жут, кыргын сыяктуу мал-келге келүүчү сыноо менен сыналасыңар.Ошондой эле, өзүңөр да шариятты так аткарганыңар же аткарбаганыңар жана башыңарга келген ар түрдүү балээлер аркылуу сыналасыңар. Китеп берилгендерден жана Аллахка шерик кошкон бутпарастардан силергежана диниңерге жалаа жапкан көп жаман сөздөрдү угасыңар. Мына ушундай оор сыноо, балээлерге сабыр кылсаңар, буйругуна аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахка такыба болсоңор, чыны бул өтө чыдамкайлыкты талап кылган жана буга шашылып жарыша турган улук иштерден.