Мухтасар тафсир
كُلُّ نَفْسٍ ذَآئِقَةُ ٱلْمَوْتِ ۗ وَإِنَّمَا تُوَفَّوْنَ أُجُورَكُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۖ فَمَن زُحْزِحَ عَنِ ٱلنَّارِ وَأُدْخِلَ ٱلْجَنَّةَ فَقَدْ فَازَ ۗ وَمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَآ إِلَّا مَتَـٰعُ ٱلْغُرُورِ ﴿١٨٥﴾
Тирүү жан канча көп жашаса да бир күнү өлүмдүн даамын татат. Дүйнөгө түркүк болуп эч ким калбайт. Кыямат күнү бул дүйнөдө аткарган иш-амалдарыңардын сооп-сыйын эч кемитилбестен аласыңар. Аллах Таала кимди тозоктон ары кылып, бейишке киргизсе; үмүт-тилек кылган жакшылыкка жетип, корккон жамандыктан кутулат. Дүйнө жашоосу түккө турбаган, арзыбаган жашоо, ага алданган адамдар гана байланып калат.