Мухтасар тафсир
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ كُتِبَ عَلَيْكُمُ ٱلصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ ﴿١٨٣﴾
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Силерден мурунку үммөттөргө парз кылынган сыяктуу силерге да орозо кармоо Раббиңер тарабынан парз кылынды. Балким өзүңөр менен Аллахтын азабынын ортосуна жакшылык иштерди, алардын ичинен эң улугу болгон орозону калкан кылуу менен Андан коркосуңар.