×

البقرة

Аят 182

Мухтасар тафсир

فَمَنْ خَافَ مِن مُّوصٍ جَنَفًا أَوْ إِثْمًا فَأَصْلَحَ بَيْنَهُمْ فَلَآ إِثْمَ عَلَيْهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ ﴿١٨٢﴾

Ким керээз калтыруучунун акыйкаттан четтегенин же керээзде адилетсиздик кылганын билип калып, ага насаат кылуу менен туура эмес кылганын оңдосо жана керээзге каршы чыккандарды жараштырса, ага эч кандай күнөө болбойт. Тескерисинче, ал оңдогону үчүн сооп алат. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.