×

إبراهيم

Аят 48

Мухтасар тафсир

يَوْمَ تُبَدَّلُ ٱلْأَرْضُ غَيْرَ ٱلْأَرْضِ وَٱلسَّمَـٰوَٰتُ ۖ وَبَرَزُوا۟ لِلَّهِ ٱلْوَٰحِدِ ٱلْقَهَّارِ ﴿٤٨﴾

Ал капырлардан өч алуу кыямат күнү болот. Ал күнү бул жер башка аппак таза жерге алмашат. Ошондой эле асман дагы башка асманга алмашат. Андан кийин адамдардын баары өз денелери, иштери менен кабырларынан туруп жалгыз Аллахтын алдына сурак берүүгө турат. Аллах Өзүнүн падышачылыгында жана улуктугунда жалгыз. Ал Каардуу, баарын багынтат, бирок багынбайт. Ал баарынан үстөмүк кылат жана Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт.