Мухтасар тафсир
فَلَا تَحْسَبَنَّ ٱللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِۦ رُسُلَهُۥٓ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ ذُو ٱنتِقَامٍ ﴿٤٧﴾
Оо, пайгамбар! Пайгамбарларына жеңишти жана динди үстөм кылууну убада кылган Аллахтын ошол пайгамбарларына берген убадасын бузат деп ойлобо. Чындыгында Аллах Кудуреттүү, аны эч ким жеңе албайт. Ошондой эле Өзүнүн сүйүктүү пенделерин урматтайт. Өзүнүн жана пайгамбарынын душмандарынан катуу өч алуучу.