>

Шамсуддин Хакимов — 9

2:58 Эстегиле, Биз: «Мына бул шаарга киргиле дагы, (аны мекен кылып), көңүлүңөр каалаган жерде кеңири жеп-ичкиле. Жана дарбазадан сажда кылган абалда «хиттатун» (О, Аллах, кечир) деп киргиле! Биз силердин катаңарды кечирип, жакшы амал кылуучуларга кошумча (сооптор) беребиз» дедик.

2:59 Ошондо, залымдар («хиттатун» деген) сөздү, өздөрүнө айтылгандан башка (“хинтатун” деген) сөзгө алмаштырып коюшту.[1] Андан кийин Биз залымдарга бузукулук кылгандары үчүн асмандан азап түшүрдүк.

2:60 Бир кезде, Муса коому үчүн суу сурап дуба кылды эле, Биз ага «Таягын менен ташты ур» - дедик. Кийин андан он эки булак оргуп чыкты. Бардык адамдар өз булактарын билишти. (Ошондо, Биз) «Аллах берген ырыскылардан жеп-ичкиле жана жер бетинде бузукулук менен ойронгерлик кылбагыла!» (дедик).

2:61 Ошондо, силер айттыңар «О, Муса! Биз (Раббиң асмандан түшүргөн) бир түрдүү даамга сабыр-каниет кылбайбыз! Раббиңе дуба кыл, бизге жер өндүргөн жемиштерден: бадыраңдардан, сарымсактардан, буурчактардан, жасмык дандарынан, пияздардан чыгарып берсин!» Анда Муса: «Силер төмөн жемиштерди алардан жакшы нерсенин («манн» жана «сулванын») ордуна сурап жатасыңарбы?! (Каалаган) шаарга түшкүлө: сураган жемишиңер толтура! Аларга кордук-кедейлик менен (руханий) жакырлык жазылды жана Аллахтын каарына жолугушту! Анын себеби Аллахтын аяттарына каапыр болгондору жана пайгамбарларды кыянатчылык менен өлтүргөндөрү! Анын себеби, (Аллахтын өкүмүнө) каршылык кылгандары жана чектен чыккандары!