Шамсуддин Хакимов — 511
48:1 (Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик.[1]
48:2 Аллах сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, жакшылыгын толук-кемчилдиксиз берип, туура жолго башташы үчүн
48:3 жана Аллах сага чоң жардам бериши үчүн.
48:4 (Аллах) алардын ыймандарынын үстүнө(дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн[1] момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин (бардык) аскерлери Аллахтын колунда. Аллах Билүүчү, Даанышман.
48:5 Момун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллахтын алдында чоң жеңиш!
48:6 Жана Аллах жөнүндө жаман ойлогон[1] мунаафык эркектерди, мунаафык аялдарды, мушрик эркектерди жана мушрик аялдарды (Дүйнө-Акыретте) азаптоо үчүн. Алардын (мушриктердин өз) башына балээ түштү. Аллах аларга каарын төгүп, наалат айтты жана тозокту даярдап койду. Ал кандай жаман орун!
48:7 Асмандардын жана жердин аскерлери Аллахтын Колунда жана Аллах Кудуреттүү, Даанышман!
48:8 (Оо, Мухаммад!) Биз сени (Аллахтын жалгыз кудай экенине) күбө болуучу, (бейиштен) куш кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү пайгамбар кылып жибердик.
48:9 Жана силер Аллахка, Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны эртели-кеч аруулап турушуңар үчүн (силерге пайгамбар жибердик).