>

Шамсуддин Хакимов — 369

26:40 Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек деген үмүттөбүз!».

26:41 Сыйкырчылар келип бүткөндө Фараонго: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти.

26:42 «Ооба – деди (Фараон) – анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар».

26:43 Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла».

26:44 Алар жиптерин жана таяктарын таштап: «Фараондун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» - дешти.[1]

26:45 Анан Муса дагы таягын таштады эле… капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады!

26:46 (Бул Кудуреттүү Аллахтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллахка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)

26:47 дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик!

26:48 Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”

26:49 (Фараон ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын![1]

26:50 «(Мунун) зыяны жок – дешти сыйкырчылар – биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз.

26:51 Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз».[1]

26:52 Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» - деп вахий кылдык.

26:53 (Муса Исраил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди.

26:54 (Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар.

26:55 Алар биздин ачуубузду чыгарды.

26:56 Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди.

26:57 (Түшүмдүү) бакчаларынан, (суусу мол) булактарынан Биз аларды (ушинтип) чыгардык.

26:58 (чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан.

26:59 Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исраил урпактарына мурас кылып бердик.

26:60 (Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти.