Шамсуддин Хакимов — 331
21:102 Алар (жана бейиштеги алардан башка адамдар) тозоктун шыбырын да угушпайт. Жана алар көңүлдөрү күсөгөн жыргалчылыктардын ичинде түбөлүк калышат.
21:103 Аларды улуу коркунуч кайгыга салбайт. Периштелер утурлап (тосуп) чыгып: «Бул силерге убада кылынган күнүңөр» (дешет).
21:104 «Ошол күнү Биз асманды кат жазылган китепти жапкан сыяктуу жаап койобуз. (Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз».
21:105 Биз Зикирден (Лавхул Махфуздан) кийин Забур китебинде да «Жерди[1] Менин салих (ыймандуу) пенделерим мурас кылып алышат» деп жазып койгонбуз:
21:106 Албетте, мында (Куранда) ибадат кылган адамдар үчүн жеткиликтүү насаат бар.
21:107 (Оо, Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болушуң) үчүн жибердик.
21:108 Айткын: «Мага (Аллах тарабынан): «Силердин илах-кудайыңар жалгыз Илах. Силер (ошол илахка) моюн сунасыңарбы?!» (деп айтуу) вахий кылынды».
21:109 Эгер баш тартышса, айт: «Мен силерге тегиз угуздум. Бирок, мен силерге убада кылынган нерсе (кыямат азабы) алыс же жакын экенин билбеймин.
21:110 Албетте Ал (Аллах) сөздөрдөн жарыя айтылгандарын да, ичиңерге жашырганыңарды да билет.
21:111 (Эй, Мушриктер! Силерге азап-жаза келбей турушу) балким силер үчүн сыноодур же убактысы келгенге чейин (кенен берилген) пайдалануудур, мен муну билбеймин».
21:112 Оо, Раббим Өзүң акыйкат менен өкүм кыл! (Эй, мушриктер!) Биздин Раббибиз, силер сыпаттаган (ширк) нерселерден коргоо сурала турган Чексиз Ырайымдуу Зат!