Шамсуддин Хакимов — 1
1:1 Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
1:2 Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун![1]
1:3 Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү.
1:4 Кыямат Күндүн падышасы.
1:5 Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз! [1]
1:6 (О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын! [1]
1:7 Өзүң жакшылык берген адамдардын[1] жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын[2] жолуна эмес.