Мухтасар тафсир
وَنَادَىٰٓ أَصْحَـٰبُ ٱلْجَنَّةِ أَصْحَـٰبَ ٱلنَّارِ أَن قَدْ وَجَدْنَا مَا وَعَدَنَا رَبُّنَا حَقًّا فَهَلْ وَجَدتُّم مَّا وَعَدَ رَبُّكُمْ حَقًّا ۖ قَالُوا۟ نَعَمْ ۚ فَأَذَّنَ مُؤَذِّنٌۢ بَيْنَهُمْ أَن لَّعْنَةُ ٱللَّهِ عَلَى ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٤٤﴾
Баары өздөрүнө ылайык убада кылынган жайларына киргенден кийин, бейишке киргендер тозокко киргендерге: "Биз Рааббибиз бизге убада кылган бейишке чындап жолуктук жана ага кирдик. Эй, каапырлар, силер да Аллах силерге убада кылган тозокко кирдиңерби?" деп үн салышат. Каапырлар: "Бизге убада кылынган тозокко чындап кирдик" дешет. Ошондо: Аллах залымдарды ырайымынан куусун" деген үн угулат. Дүйнө жашоосунда аларга ырайым эшиги ачылган эле, бирок алар андан баш тартышткан.