Мухтасар тафсир
يَـٰبَنِىٓ ءَادَمَ إِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ رُسُلٌ مِّنكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ ءَايَـٰتِى ۙ فَمَنِ ٱتَّقَىٰ وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ ﴿٣٥﴾
Оо, Адам балдары, силерге өзүңөрдүн коомуңардан элчилерди чыгарып, алар Мен түшүргөн китептерди силерге окуп берсе, аларга баш ийгиле, алар алып келген нерсеге ээрчигиле. Буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып, жакшы иштерди кылып, Аллахка такыба болгон пенделерге кыямат күнү коркунуч болбойт, ошондой эле алар дүйнө насибинде кылып өткөн иштерине өкүнбөйт.