×

الأعراف

Аят 33

Мухтасар тафсир

قُلْ إِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّىَ ٱلْفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ وَٱلْإِثْمَ وَٱلْبَغْىَ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ وَأَن تُشْرِكُوا۟ بِٱللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِۦ سُلْطَـٰنًا وَأَن تَقُولُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ ﴿٣٣﴾

Оо, элчи, Аллах адал кылган нерсени арамга чыгарган бутпарастарга минтип айт: "Акыйкатта, Аллах пенделерине бузуку иштерди арам кылды, мейли жашыруу, мейли ашкере болсун, алар күнөөлөрдүн эң жамандары. Ошондой эле күнөөлөрдүн баарын жана адамдардын жанына, малына, абийирине залым кылып душмандык кылууну арам кылды. Дагы, кудайлыгына эч бир далили жок нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды арам кылды. Анан да, эч нерсени билбей туруп Анын ысымдары, сыпаттары, иштери жана шарияты тууралуу сүйлөөнү арам кылды".