×

الأعراف

Аят 195

Мухтасар тафсир

أَلَهُمْ أَرْجُلٌ يَمْشُونَ بِهَآ ۖ أَمْ لَهُمْ أَيْدٍ يَبْطِشُونَ بِهَآ ۖ أَمْ لَهُمْ أَعْيُنٌ يُبْصِرُونَ بِهَآ ۖ أَمْ لَهُمْ ءَاذَانٌ يَسْمَعُونَ بِهَا ۗ قُلِ ٱدْعُوا۟ شُرَكَآءَكُمْ ثُمَّ كِيدُونِ فَلَا تُنظِرُونِ ﴿١٩٥﴾

Силер кудай кылып алган бут-айкелдердин муктаждыктарына чыгуу үчүн баса турган буттары барбы? Же аларда силерден жамандыкты күч менен кармап токтотуп кала турган колдору барбы? Же силердин жоголгон нерсеңерди көрүп, силерге кабар бере турган көздөрү барбы? Же силерге угулбай калган нерсени угуп, силерге жеткирип тура турган кулактары барбы? Эгер бул айьылгандардын бир да болбосо, анда эмне үчүн алардан пайда берет, зыяндан сактайт деп үмүт кыласыңар?! Эй, элчи, бул бутпарастарга: "Ошол Аллахка теңеген бут-айкелдериңерге дуба кыла бергиле жана мага зыян берүүгө аракет кыла бергиле, мени күтпөгүлө" - дегин.