×

الأعراف

Аят 189

Мухтасар тафсир

هُوَ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍ وَٰحِدَةٍ وَجَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا لِيَسْكُنَ إِلَيْهَا ۖ فَلَمَّا تَغَشَّىٰهَا حَمَلَتْ حَمْلًا خَفِيفًا فَمَرَّتْ بِهِۦ ۖ فَلَمَّآ أَثْقَلَت دَّعَوَا ٱللَّهَ رَبَّهُمَا لَئِنْ ءَاتَيْتَنَا صَـٰلِحًا لَّنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّـٰكِرِينَ ﴿١٨٩﴾

Оо, эркектер жана аялдар, Аллах силерди бир жандан, Адам атадан жаратты. Адамдан анын аялы Обону жаратты. Обону Адамга үйрөнүп, Адам аны менен бейпил жашоосу үчүн анын кабыргасынан жаратты. Жубайлар кошулгандан кийин Обо боюна бүтүп, бирок аны сезбей жүрө берди. Анткени, боюна биринчи жолу болуп жаткандыктан, баштапкы мезгилде эч кандай оорлукту байкаган жок, качан гана түйүлдүк чоңоюп жүгү оорлогондо, жубайлар Раббисине дуба кылып: "Оо, Раббибиз, бизге бал берсең, салих, дени соо бала бергин, Сенин жакшылыгыңа шүгүр кылуучулардан болобу" - дешти.