×

الأعراف

Аят 142

Мухтасар тафсир

وَوَٰعَدْنَا مُوسَىٰ ثَلَـٰثِينَ لَيْلَةً وَأَتْمَمْنَـٰهَا بِعَشْرٍ فَتَمَّ مِيقَـٰتُ رَبِّهِۦٓ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً ۚ وَقَالَ مُوسَىٰ لِأَخِيهِ هَـٰرُونَ ٱخْلُفْنِى فِى قَوْمِى وَأَصْلِحْ وَلَا تَتَّبِعْ سَبِيلَ ٱلْمُفْسِدِينَ ﴿١٤٢﴾

Аллах жашыруун сүйлөшүү үчүн Мусаны отуз түнгө убадалашып, анан дагы он түн кошуп, кырк түн кылды. Анан Раббиси менен сүйлөшүүгө жөнөп жатканда Муса бир тууганы Харунга кайрылып: "Эй, Харун, менин ордума коомду башкарып тур, жакшы саясат жүргүзүп, жумшактык менен аларды башкар, күнөөгө бут коюп, бузукулардын жолуна түшүп кетпе жана күнөөгө баштоочу болбо!" - деди.