Мухтасар тафсир
قُلْ إِنَّ ٱلْمَوْتَ ٱلَّذِى تَفِرُّونَ مِنْهُ فَإِنَّهُۥ مُلَـٰقِيكُمْ ۖ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَىٰ عَـٰلِمِ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَـٰدَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٨﴾
Оо, пайгамбар! Ал жөөттөргө айт: «Силер качкан өлүмгө эртеби-кечпи сөзсүз жолугасыңар. Кийин кыямат күнү ачыкты да, жашыруунду да Билүүчү Аллахка кайтарыласыңар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ошондо Ал силерге дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет жана алардын жазасын берет».