×

الجمعة

Аят 11

Мухтасар тафсир

وَإِذَا رَأَوْا۟ تِجَـٰرَةً أَوْ لَهْوًا ٱنفَضُّوٓا۟ إِلَيْهَا وَتَرَكُوكَ قَآئِمًا ۚ قُلْ مَا عِندَ ٱللَّهِ خَيْرٌ مِّنَ ٱللَّهْوِ وَمِنَ ٱلتِّجَـٰرَةِ ۚ وَٱللَّهُ خَيْرُ ٱلرَّٰزِقِينَ ﴿١١﴾

Эгерде кээ бир мусулмандар сооданы же оюн-зоокту көрүп калышса, алар тарап ошол жакты көздөй жөнөшөт жана сени минбарда турган абалда таштап кетишет. Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахтын алдында жакшылык иштин сыйлыгы – силер барган соода-сатыктан жана оюн-зооктон жакшыраак. Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү».