Мухтасар тафсир
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ٱلْمَلِكِ ٱلْقُدُّوسِ ٱلْعَزِيزِ ٱلْحَكِيمِ ﴿١﴾
Асмандар менен жердеги бүткүл макулуктар Аллахты ылайык келбеген кемчиликтүү сыпаттардан аруулашат жана Аны улукташат. Ал жалгыз Өзү бийлик жүргүзүүчү Падыша, бардык кемчиликтерден Аруу, эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.