×

الأنعام

Аят 35

Мухтасар тафсир

وَإِن كَانَ كَبُرَ عَلَيْكَ إِعْرَاضُهُمْ فَإِنِ ٱسْتَطَعْتَ أَن تَبْتَغِىَ نَفَقًا فِى ٱلْأَرْضِ أَوْ سُلَّمًا فِى ٱلسَّمَآءِ فَتَأْتِيَهُم بِـَٔايَةٍ ۚ وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَمَعَهُمْ عَلَى ٱلْهُدَىٰ ۚ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلْجَـٰهِلِينَ ﴿٣٥﴾

Оо, элчи, сен алып келген чындыктан тескери бурулуп, жалганга чыгаргандары сага катуу тийсе, эгер жер астын кирүүчү жол же асманга көтөрүлчү тепкич таап, Биз сага бергенден башка далил, белги көрсөтө алсаң, анда ошондой кыл. Эгер Аллах кааласа алардын баарын чогултуп сен алып келген туура жолго салып коймок. Бирок Өзүнүн жеткиликтүү даанышмандыгы менен мындай кылууну каалбады. Сен буга акылы жетпеген илими тайкылардан болбо. Алардын ыйманга келбегенине кайгырганыңды токтот.