×

الأنعام

Аят 148

Мухтасар тафсир

سَيَقُولُ ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ لَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَآ أَشْرَكْنَا وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِن شَىْءٍ ۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ حَتَّىٰ ذَاقُوا۟ بَأْسَنَا ۗ قُلْ هَلْ عِندَكُم مِّنْ عِلْمٍ فَتُخْرِجُوهُ لَنَآ ۖ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنْ أَنتُمْ إِلَّا تَخْرُصُونَ ﴿١٤٨﴾

Өздөрүнүн ширк кылуусу туура экенине Аллахтын тагдырын жана каалосун шылтоолоп, бутпарастар: эгер Аллах каалаганда биз да, биздин аталарыбыз да Ага шерик кылбайт элек. Эгер Аллах каалаганда, өзүбүзгө арам кылган нерсени арам кылбайт элек дешет. Булар сыяктуу жалган шылтоону мурдагы каапырла да айтышканю Алар: Эгер Аллах каалаганда биз азыр жалганга чыгарган нерселерди жалганга чыгарбайт элек дешет. Алар ошентип Биз үстүнө азап түшүргөнгө чейин жалганга чыгарып жүрүштү. Эй элчи бутпарастарга: Силердин ширк кылуубузга жана арамды адалга, адалды арамга чыгарганыбызга Аллах ыраазы болду дегениңерге далилиңер барбы? деп айт. Силерди ушул боюнча таштап койгону силерге ыраазы болгонунун далили эмес. Силер бул боюнча күмөндү ээрчип жатасыңар, а күмөндө эч кандай чындык болбойт. Силер жалганчысыңар.