×

المائدة

Аят 38

Мухтасар тафсир

وَٱلسَّارِقُ وَٱلسَّارِقَةُ فَٱقْطَعُوٓا۟ أَيْدِيَهُمَا جَزَآءًۢ بِمَا كَسَبَا نَكَـٰلًا مِّنَ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ ﴿٣٨﴾

Оо, өкүмдарлар, уурулук кылган эркек жана аялдын оң колун кескиле. Бул, элдин мал-мүлкүн акысыз уурдап күнөөгө батканы үчүн жана аларга да, башкаларга да эскертүү болуусу үчүн Аллах Тааланын берген жазасы. Аллах Таала Ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, тагдыр кылууда, шарият кылууда Даанышман.