×

المائدة

Аят 23

Мухтасар тафсир

قَالَ رَجُلَانِ مِنَ ٱلَّذِينَ يَخَافُونَ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَيْهِمَا ٱدْخُلُوا۟ عَلَيْهِمُ ٱلْبَابَ فَإِذَا دَخَلْتُمُوهُ فَإِنَّكُمْ غَـٰلِبُونَ ۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَتَوَكَّلُوٓا۟ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ﴿٢٣﴾

Мусанын шериктеринен Аллахтан коркуп, Анын азабынан чочулаган, Аллах Өзүнө баш ийдирип койгон эки киши коомун Мусанын буйругун аткарууга кызыктырып мындай деди: Бул күнөөкөрлөргө шаардын эшигинен киргиле, эгер эшиктен атырылып кирип барсаңар, болду, Аллахтын уруксаты менен аларга үстөмдүк кыласыңар. Аллахка ишенүү менен бирге материалдык даярдык көргөндөргө жеңиш берүү Аллахтын жолу экенине ишенгиле. эгер чындап ыймандуу болсоңор, Жалгыз Аллахка таянгыла жана Ага тобокел кылгыла, ыйман Ага тобокел кылууну талап кылат