×

المائدة

Аят 19

Мухтасар тафсир

يَـٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ قَدْ جَآءَكُمْ رَسُولُنَا يُبَيِّنُ لَكُمْ عَلَىٰ فَتْرَةٍ مِّنَ ٱلرُّسُلِ أَن تَقُولُوا۟ مَا جَآءَنَا مِنۢ بَشِيرٍ وَلَا نَذِيرٍ ۖ فَقَدْ جَآءَكُم بَشِيرٌ وَنَذِيرٌ ۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ ﴿١٩﴾

Эй, яхуд жана христиандар, көпкө чейин элчилер келбей, аларга муктаждык күчөгөн кезде пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) келди. Силер: бизге Аллахтын сооп-сыйын сүйүнчүлөгөн, азап-тозогунан коркуткан элчи келген эмес деп шылтоо кылбооңор үчүн. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) чынында силерге Аллахтын сооп-сыйын сүйүнчүлөө, азап-тозогун эскерткен элчи болуп келди. Аллах Таала бардык нерсеге Кудуреттүү, эч нерсеге күчү жетпей калбайт. Элчилерди жибергени жана аларды Мухаммад пайгамбарды жиберүү менен жыйынтыктаганы Анын Кудуреттүүлүгүнөн