×

الشورى

Аят 19

Мухтасар тафсир

ٱللَّهُ لَطِيفٌۢ بِعِبَادِهِۦ يَرْزُقُ مَن يَشَآءُ ۖ وَهُوَ ٱلْقَوِىُّ ٱلْعَزِيزُ ﴿١٩﴾

Аллах пенделерине Боорукер. Ал Өзү каалаган пендесине ырыскы берип,ырыскысын кенен кылат жана ырайым, даанышандыгы менен Өзү каалаган пендесинин ырыскысын тарытат. Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, Ал душмандарынан өч алууга Кудуреттүү.