×

النساء

Аят 45

Мухтасар тафсир

وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِأَعْدَآئِكُمْ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَلِيًّا وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ نَصِيرًا ﴿٤٥﴾

Оо, ыймандуулар, Аллах Таала душманыңарды силерге караганда жакшы билет, силерге алар тууралуу кабар берип, алардын душмандыгын баяндайт. Силерди алардын жамандыгынан сактоого Аллах Өзү жетиштүү Башчы. Алардын зыянынан, куулук-шумдугунан коргоп, силерге жардам берүүгө Аллах Өзү жетиштүү Жардамчы