Мухтасар тафсир
مَا كَانَ لِبَشَرٍ أَن يُؤْتِيَهُ ٱللَّهُ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْحُكْمَ وَٱلنُّبُوَّةَ ثُمَّ يَقُولَ لِلنَّاسِ كُونُوا۟ عِبَادًا لِّى مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَـٰكِن كُونُوا۟ رَبَّـٰنِيِّـۧنَ بِمَا كُنتُمْ تُعَلِّمُونَ ٱلْكِتَـٰبَ وَبِمَا كُنتُمْ تَدْرُسُونَ ﴿٧٩﴾
Кайсы бир адамга Аллах Өзү тараптан китеп түшүрсө, ага илим жана түшүнүк берсе жана аны пайгамбар кылып тандаса, кийин ал адамдарга: «Аллахты таштап мага кулчулук кылгыла» – деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок аларга: «Силер адамдарга түшүрүлгөн китепти үйрөтүп, ошондой эле аны жаттоо жана түшүнүү менен үйрөнгөн нерсеңер аркылуу адамдарды тарбиялоочу, алардын иштерин жөнгө салуучу, иш жүзүндө аткаруучу илимдүүлөрдөн болгула» – деп айтат.