×

آل عمران

Аят 50

Мухтасар тафсир

وَمُصَدِّقًا لِّمَا بَيْنَ يَدَىَّ مِنَ ٱلتَّوْرَىٰةِ وَلِأُحِلَّ لَكُم بَعْضَ ٱلَّذِى حُرِّمَ عَلَيْكُمْ ۚ وَجِئْتُكُم بِـَٔايَةٍ مِّن رَّبِّكُمْ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿٥٠﴾

Ошондой эле силерге мага чейин түшүрүлгөн Тооратты тастыктоо үчүн келдим, силерге жеңил болсун үчүн буга чейин арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуу үчүн келдим жана силерге айткандарым чындык экендигин көрсөткөн ачык далилдер менен келдим. Андыктан Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула жана мен силерди чакырган нерседе мага баш ийгиле.