×

آل عمران

Аят 106

Мухтасар тафсир

يَوْمَ تَبْيَضُّ وُجُوهٌ وَتَسْوَدُّ وُجُوهٌ ۚ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱسْوَدَّتْ وُجُوهُهُمْ أَكَفَرْتُم بَعْدَ إِيمَـٰنِكُمْ فَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ ﴿١٠٦﴾

Аларга бул катуу азап кыямат күну болот. Бул күну ыймандуулардын жүзү кубаныч жана бакыттан улам агарып нурданып турат. Каапырлардын жүзү болсо кайгы жана кыйынчылыктан улам карарып кетет. Ал улук күндө жүзү карарып калгандарга: Ишенип, тастыктаганыңардан кийин Аллахтын Жалгыздыгына каапыр болуп, Ага эч шерик кылбагыла деген келишимин буздуңарбы?! Эми ушул каапырлыгыңар себептүү силерге даярдалып коюлган азаптын даамын тата бергиле