×

البقرة

Аят 58

Мухтасар тафсир

وَإِذْ قُلْنَا ٱدْخُلُوا۟ هَـٰذِهِ ٱلْقَرْيَةَ فَكُلُوا۟ مِنْهَا حَيْثُ شِئْتُمْ رَغَدًا وَٱدْخُلُوا۟ ٱلْبَابَ سُجَّدًا وَقُولُوا۟ حِطَّةٌ نَّغْفِرْ لَكُمْ خَطَـٰيَـٰكُمْ ۚ وَسَنَزِيدُ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٥٨﴾

Аллахтын силерге берген жакшылыктарын эстегиле, бир кезде Биз силерге айттык: «Кудуска киргиле, анын каалаган жеринен адал нерселерден кенен жана ырахаттануу менен жегиле. Ага киргенде Аллахка моюн сунган, рүкү кылган абалда болгула жана Аллахтан суранып: «Раббибиз! Күнөөлөрүбүздү кечир (хиттатун)» – деп айткыла. Ошондо Биз силерге жооп беребиз жана жакшылык иштерди кылгандардын соопторун көбөйтөбүз.