×

البقرة

Аят 284

Мухтасар тафсир

لِّلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۗ وَإِن تُبْدُوا۟ مَا فِىٓ أَنفُسِكُمْ أَوْ تُخْفُوهُ يُحَاسِبْكُم بِهِ ٱللَّهُ ۖ فَيَغْفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُ ۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ ﴿٢٨٤﴾

Асмандар менен жердеги нерселер жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда жалгыз Аллахка таандык. Жүрөгүңөрдөгү нерсени ачыкка чыгарсаңар да, жашырсаңар да, Аллах аны билет жана силерге анын сыйлыгын же жазасын берет. Андан кийин кимди кааласа жакшылык жана ырайымдуулук менен кечирет, кимди кааласа адилеттүүлүк жана даанышмандык менен азаптайт. Аллах бүткүл нерсеге кудуреттүү.