Мухтасар тафсир
لَّا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ إِن طَلَّقْتُمُ ٱلنِّسَآءَ مَا لَمْ تَمَسُّوهُنَّ أَوْ تَفْرِضُوا۟ لَهُنَّ فَرِيضَةً ۚ وَمَتِّعُوهُنَّ عَلَى ٱلْمُوسِعِ قَدَرُهُۥ وَعَلَى ٱلْمُقْتِرِ قَدَرُهُۥ مَتَـٰعًۢا بِٱلْمَعْرُوفِ ۖ حَقًّا عَلَى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٢٣٦﴾
Никеге турган аялыңар менен жыныстык мамиле кылганга чейин жана аларга белгиленген калыңды берүү милдетин алганга чейин ажырашасаңар, силерге күнөө эмес. Эгерде ушундай абалда аларга талак берсеңер, анда калың берүүгө милдеттүү эмессиңер. Бирок байлыгы көп бакубат жашаган болобу же байлыгы аз кыйналып жашаган болобу, аларга мүмкүнчүлүккө жараша аларды кубанта тургандай жана сынган көңүлүн жубата тургандай бир нерсе берүү керек. Бул белек иш-аракетинде жана мамилесинде жакшылык кылуучулардын мойнундагы бекем милдет.