×

البقرة

Аят 211

Мухтасар тафсир

سَلْ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ كَمْ ءَاتَيْنَـٰهُم مِّنْ ءَايَةٍۭ بَيِّنَةٍ ۗ وَمَن يُبَدِّلْ نِعْمَةَ ٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَتْهُ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿٢١١﴾

Оо, пайгамбар! Исраил урпактарынан жеме катары сура: «Аллах силерге Өзүнүн элчилеринин чынчылдыгына далил болгон канчалаган аят-белгилерди баяндаган эле? Силер болсо аларды жалганга чыгарып, баш тарттыңар». Кимде-ким Аллахтын жакшылыгын билип, ал ачыкка чыккандан кийин аны каапырлыкка жана жалганга алмаштырса, Аллахтын жалганчы каапырларга жазасы катаал.