×

البقرة

Аят 188

Мухтасар тафсир

وَلَا تَأْكُلُوٓا۟ أَمْوَٰلَكُم بَيْنَكُم بِٱلْبَـٰطِلِ وَتُدْلُوا۟ بِهَآ إِلَى ٱلْحُكَّامِ لِتَأْكُلُوا۟ فَرِيقًا مِّنْ أَمْوَٰلِ ٱلنَّاسِ بِٱلْإِثْمِ وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿١٨٨﴾

Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү уурулук, тартып алуу жана алдамчылык сыяктуу шариятка каршы келген жолдо албагыла. Жана адамдардын мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн алуу үчүн күнөөгө аралашып, анын айынан соттордун алдында талашып-тартышпагыла. Аллах муну арам кылганын билесиңер. Күнөөнүн арам экенин билип туруп аны кылуу өтө жийиркеничтүү жана жазасы катаал.