Мухтасар тафсир
تِلْكَ أُمَّةٌ قَدْ خَلَتْ ۖ لَهَا مَا كَسَبَتْ وَلَكُم مَّا كَسَبْتُمْ ۖ وَلَا تُسْـَٔلُونَ عَمَّا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٤١﴾
Булар силерден мурун өткөн үммөттөр. Алар өздөрү кылган иш-аракеттерине жетишти, алардын кылгандары өзүлөрү үчүн, ал эми силердин кылганыңар өзүңөр үчүн. Силер алардын иш-аракеттери үчүн жооп бербейсиңер, алар дагы силердин иш-аракеттериңер үчүн жооп беришпейт. Эч ким башканын күнөөсү үчүн жазаланбайт жана ал башкалардын иш-аракетинен пайда көрбөйт. Тескерисинче, ар бир адам кылганына жараша сыйлыгын же жазасын алат.