Мухтасар тафсир
قُلْ أَتُحَآجُّونَنَا فِى ٱللَّهِ وَهُوَ رَبُّنَا وَرَبُّكُمْ وَلَنَآ أَعْمَـٰلُنَا وَلَكُمْ أَعْمَـٰلُكُمْ وَنَحْنُ لَهُۥ مُخْلِصُونَ ﴿١٣٩﴾
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эй, китеп ээлери! Силердин диниңер байыркы жана китебиңер мурун түшкөндүктөн, өзүңөрдү Аллахка жана Анын динине бизден дагы татыктуубуз деп талашып жатасыңарбы? Чындыгында бул силерге эч кандай пайда алып келбейт. Анткени Аллах – баарыбыздын Раббибиз, Аны өзүңөргө жекелеп албагыла. Биздин иш-аракеттерибиз өзүбүзгө, силер ал үчүн суралбайсыңар, силердин да иш-аракеттериңер өзүңөргө, биз ал үчүн суралбайбыз. Ар бири кылган иш-аракетинин сыйлыгын же жазасын алат. Биз ибадатта жана баш ийүүдө Аллахка ыкластуулук кылып, Ага эч нерсени шерик кылбайбыз».