×

الكهف

Аят 74

Мухтасар тафсир

فَٱنطَلَقَا حَتَّىٰٓ إِذَا لَقِيَا غُلَـٰمًا فَقَتَلَهُۥ قَالَ أَقَتَلْتَ نَفْسًا زَكِيَّةًۢ بِغَيْرِ نَفْسٍ لَّقَدْ جِئْتَ شَيْـًٔا نُّكْرًا ﴿٧٤﴾

Кемеден түшкөндөн кийин деңиз бойлой басышты. Жолдон жаш балдар менен чогу ойноп жаткан бир баланы көрүп, аны өлтүрүп салды. Ошондо Муса ага: «Балагатка да жете элек күнөөсүз баланы эмнеге өлтүрдүңүз? Сиз өтө жаман иш кылдыңыз!» – деди.