×

الكهف

Аят 71

Мухтасар тафсир

فَٱنطَلَقَا حَتَّىٰٓ إِذَا رَكِبَا فِى ٱلسَّفِينَةِ خَرَقَهَا ۖ قَالَ أَخَرَقْتَهَا لِتُغْرِقَ أَهْلَهَا لَقَدْ جِئْتَ شَيْـًٔا إِمْرًا ﴿٧١﴾

Алар өз ара ушуга макулдашкандан кийин деңиз боюна жөнөштү. Жолдон бир кемеге туш келишти. Алар ал кемеге отурушту. Кыдырды сыйлап алардан жол акы да алышкан жок. Кийин Кыдыр кеменин бир тактайын жулуп аны тешип салды. Муса ага: «Ээлери бизди бекер алып кетип жатса, анан кемесин тешип салганыңыз эмнеси? Аларды чөктүрөйүң дедиңизби? Сиз өтө жаман иш жасадыңыз!» – деп айтты.