×

الإسراء

Аят 74

Мухтасар тафсир

وَلَوْلَآ أَن ثَبَّتْنَـٰكَ لَقَدْ كِدتَّ تَرْكَنُ إِلَيْهِمْ شَيْـًٔا قَلِيلًا ﴿٧٤﴾

Сени акыйкатка бекем кылып сага жакшылык кылбаганыбызда сен кээ бир нерселерде аларга ооп кетүүңө аз калган болчу. Андай болгондо алардын алдоолорунун жана айла-амалдарынын катуулугу менен бирге алардын ыйман келтирүүсүнө болгон сенин умтулууңдун катуулугу болгондуктан сен алардын сага кылган сунуштарына макул болуп кетмексиң. Бирок Биз сени аларга ооп кетүүңдөн сактадык.