Мухтасар тафсир
أَفَأَمِنتُمْ أَن يَخْسِفَ بِكُمْ جَانِبَ ٱلْبَرِّ أَوْ يُرْسِلَ عَلَيْكُمْ حَاصِبًا ثُمَّ لَا تَجِدُوا۟ لَكُمْ وَكِيلًا ﴿٦٨﴾
Эй, мушриктер! Силерди куткарып кургактыкка чыгарганда Аллах аны силердин үстүңөргө бастырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Же Луттун коомуна кылгандай силердин да үстүңөргө асмандан таштарды жаадырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Ошондо силерди коргой турган жана кыйроодон сактай турган коргоочу да, колдоочу да таппайсыңар.