×

الإسراء

Аят 64

Мухтасар тафсир

وَٱسْتَفْزِزْ مَنِ ٱسْتَطَعْتَ مِنْهُم بِصَوْتِكَ وَأَجْلِبْ عَلَيْهِم بِخَيْلِكَ وَرَجِلِكَ وَشَارِكْهُمْ فِى ٱلْأَمْوَٰلِ وَٱلْأَوْلَـٰدِ وَعِدْهُمْ ۚ وَمَا يَعِدُهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ إِلَّا غُرُورًا ﴿٦٤﴾

Күнөөгө чакырган добушуң менен алардын кимисин азгыра алсаң азгыр! Атчан жана жөө жан-жөкөрлөрүң менен аларды сени ээрчүүгө чакыр! Шариятка каршы жолду кооз көргөзүп алардын мал-мүлктөрүнө шерик бол. Алардын бала-чакасында да шерик бол, баласы эмес болсо да жалган жолдо баласы кыл, зына жолдо балалуу кыл, ат койгондо Аллахтан башканын кулу деп ат койдур. Аларга жалган убадаларды, калп кыялдарды кооз кылып көргөз. Шайтандын аларга берген убадасы аларды азгырган жалган гана убадалар.