Мухтасар тафсир
وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَٰحِدَةً وَلَـٰكِن يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ ۚ وَلَتُسْـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٩٣﴾
Эгерде Аллах кааласа баарыңарды акыйкатты карманган бир үммөт кылып коймок. Бирок Аллах Өз адилеттиги менен кимиңерди кааласа акыйкатта жана убадаларды аткарууда жардамсыз калтырып адаштырат жана Өз айкөлдүгү менен кимге кааласа ийгилик берет. Силер кыяматта бул дүйнөдө кылган иштериңер үчүн сөзсүз сураласыңар.