×

إبراهيم

Аят 43

Мухтасар тафсир

مُهْطِعِينَ مُقْنِعِى رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ ۖ وَأَفْـِٔدَتُهُمْ هَوَآءٌ ﴿٤٣﴾

Адамдар кабырынан турган кезде аларды чакырган жакка шашып барышат. Баштарын көтөрүп корккон абалда асманды карашат. Көрүшкөн нерсесин корккондугунан көздөрүн ала алышпай катып карап калышат. Көргөн нерсесинен коркуп калышкандыктан алардын жүрөктөрүнүн акылы кетип бош болуп, түшүнүүсү да жок болуп калышат.